Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөл, ар түгөл,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.
Кет Бука улуу ырчы
Аскер башы, улуу акын, комузчу, атактуу төкмө, айтыш өнөрүнүн ээси улуу Кет Букага
Бир айтышың, эки-үч ырың калыптыр,
Тарых байкуш ушунчалык карыптыр.
Ошол үч-төрт жаркын чыгармаң эле
Башка айтканың такыр калбаса деле.
Калса дагы унут болуп калган эле,
Бул көрүнүш өз элиңдин арманы эле.
«Джами-Ат-Табарик» чыгармасына өлбөй сакталып калыптыр.
Чынгыз хандын уулу Жолчу өлгөндө
Ханга катуу кабарды комуз менен ,
Жан дүйнөң арманыңын ыры менен
Каардуу ханга табышмактап угусупсуң
Карачы өлбөс жолун улуулуктун.
Ошол өлбөс-өчпөс ырың менен
Кыргыз элге түбөлүккө улуусуң.
Жаңырыгың бул дүйнөгө жана берет,
Кыргыздар жомок кылып айтып келет .
Жада калса ай-ааламды буй кылган,
Жердин бетине адам канын агызган,
Чынгыздан миң эсе улук кадыр баркың,
Эстеп келет сени унутпай кыргыз калкың.
Элиң барда журтуң менен жашайсың,
Эч убакта унут болуп кала албайсың.
ТОКТОГУЛ МЕНЕН ТОЛУБАЙГА
«Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол!»
Баардык эле заманда,
Хандар элди башкарган.
Жаныбек хандын заманында,
Жабыркап эл азаптанган.
Токтогул менен Толубай,
Жактап чыгып журт талабын.
Жаныбек хан каарланып,
Жазасын берген алардын.
Бири болсо сынчы эле,
Бири болсо улуу акын.
Чындыкты ырдап эл жүзүнө,
Чыгааны эле замандын.
Арман тура бул дүйнө,
Атыңар калып, өзүңөр жок.
Дарегиңер билинбей,
Даңкыңар калып, ырыңар жок.
Урмат менен даңкталып,
Улуулук калып, өзүңөр жок.
Даңазаңар калып, бүткүл элге,
Дайныңар эмне такыр жок.
Ырларыңар бар эле,
Анын баары жоголду
Чыгаанысыңар бүт элдин
Чыгармаңар жок болду.
Бетеге кетип, бел калды.
Бектер кетип, эл калды.
Атыңарды такыр өчүрбөй,
Ак калпак кыргыз эл калды.
Албан даңктар айтылып,
Ак баракка жазылды.
Силер өчпөй калгансыңар,
Кыргыздын жазган ырында.
Кыйрына кетеер атыңар,
Кылымды аттап кылымга.
УЛУУ АКЫЛМАН АСАН КАЙГЫГА
Аябай терең ойлонгон,
Ажайып улуу акылман.
Ыр чыгарып терең ойдон,
Желдей учуп сапар улап,
Желмаян минип жер кезген.
Сап-сап кылып ыр түзгөн,
Санат сөз менен термеден.
Жан-жаныбарды жандай сүйүп,
Жандыктарды коргогон,
Жан дүнөсү жаңырып,
Жаратылыштын өзү болгон.
«Сиз бар үчүн биз барбыз,
Даңкыңызды урматтайбыз.
Асан кайгы бабабыз» деп,
Ар дайым айтып келебиз.
Билинбей өтөөр кылымдар,
Биз менен бирге жашай бересиз.
ЖУСУП БАЛАСАГЫНГА
Каарданып даңктанган
Хандардын аты өчкөн.
Бетеге кетип бел калган
Бектер кетип эл калган.
Байлуу өтөктү жердеген
Байлардын аты өчкөн.
Аркырап мезгил өткөндө
Адамдардын аты өчкөн.
Байыркы кылым арасынан
Балбылдап шаң тараган
Өчпөс болуп кайрадан,
Чыгышынан жылдыз жанып
Чыга келди Жусуа Баласагын.
ОКУМУШТУУ, ТАРЫХЧЫ, ГЕОГРАФ,
ЭНЦИКЛОПЕДИСТ, УЛУУ АКЫЛМАН, ОЙЧУЛ
МАХМУД КАШГАРИГЕ
Түмөн жерди кыдырып,
Түздү, тоону сыдырып,
Түрк элдерден сөз жыйган
Чебер баалап эл сөзүн,
Ченемсиз ойчул акылман.
Атасы Хусейин Мухаммед,
Барскан шаарынын беги аталган
Бай жана билимдүү даңк алган.
Баласы чыгып акылман,
Түрк, огуз, чигил, кыргыздарды,
Түрө сапар аралаган.
Эл сөзүн укмуш баалаган,
Үйрөнгүлө деп кабарлаган.
Баардык журтка жарыялаган.
Араб, фарси тилинде эмгек жазган.
Араб тилинде чыгарманы чыгарган.
Ал кездеги бектердин аты өчтү,
Өлбөс байлардын даңкы өттү
Эл башкарган хандын аты калбады,
Эч биринин атак даңкы аталбады.
Түркүй тилинде сөз жыйнаган,
Махмуд Кашкаринин аты калды.
Өтсө дагы далай-далай кылымдар,
Өчпөс болуп дүйнөгө кабарланды.
КЫРГЫЗ ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ
Манас эпосун жок кылууга,
Далайы тиш кайрап асылды.
Эпостун өлбөстүгү бар экен
Элдүүлүгү аны сакталды.
Кыргыз бар да Манасыбыз бар болот,
Манас бар да кыргыз эли жоголбойт.
Экөө дайым бир денеден жаралып,
Эч бир кезде өлбөстүгүн жоготпойт.
КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУНА
Ченемсиз жер Ысык-Көл
Чексиз кооздук созулган.
Чебер айтып сүйлөмдү
Чечен чыкты көл боюунан.
Оймоктой болуп Ысык-Көл,
Ой санаадан кетпеген.
Ойлонтуп укмуш кеп айтып,
Олуя чыкты бул жерден.
Магдырап жатат тоолорубуз,
Манас ата өзү жердеген.
Маанилүү сонун кеп айтып,
Маселчи чыгып мекенден.
Атыр жыттуу Ысык- Көл,
Адамдын кетпейт оюунан.
Атпай журтка белгилүү
Акын чыкты көл боюунан.
Даңазасы чыгып мындайлар,
Дайым эле жаралбайт.
Дааналап айткан турмушту
Даанышмандын аты аталат.
ЗАМАНИСТЕР
Арстанбек, Молдо кылыч, Калыгул
Алсыздык заман ырын ырдаган.
Борбордук комитет аларды,
Эскичил «заманчы» деп атаган.
Доор өскөрүп чыга келди акыйкат,
Алар эми заманчылар аталбай.
Ырчылар баркталып сыйланып,
Ырларын адамдар окуйт таштабай.
Баягыда заманачы деп аталбай,
Самандай жер бетине ташталбай.
КАЛЫГУЛ ОЛУЯ
Эл башчысы Усубалиев Турдакун,
Өзүнүн чоң атасы Калыгулду.
«Заманачы» деп баалабай келген,
Залакасы тийеби деп эскербеген.
Анын атын эскерүү коркунучтуу,
Ала салып кетем деп чебердеген.
Хандыктан кетти, коркунуч жок,
Калыгулду олуя деп жарыя салган,
Ырастап келип тарых жолун,
Ысымын көп жерге коё баштаган.
Өгөйлөбөй баардык элге жарыялап
«Өзүмүн чоң атам» деп кабарлаган
АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУНА
Казактар баалап сыйлашкан,
Каңтарбай келип кармашкан.
Каңтарбай деген алп акын
Казак, кыргызга аты жанган.
Арстанбектен жеңилип,
Алсырап алдан тайган.
Мындай сөздү кеп салган:
« Эки ийнинде эки булбул,
Маңдайында жылаңач бала,
Шооласы тараган айланага,
Төрт тарабы сыйкыр толгон,
Төрө ырчыга окшогон.
Аны менен кантип кармашам,
Алдан тайып баратам»,
Төкмө укмуш күлүк жорго,
Даңкы кеткен оңго-солго,
Айтыштын улуу арстаны,
Акындар каршы чыга албады.
Терең ойчул дастанчы,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжырачы жана тарыхчы,
Беш жүз күүнү ал черткен,
Белдүү сыйкыр касиетти эстеткен,
Адамдар айткан «арстан» деп
Сөз атасы улуу Арстанбек.
Жылдызга карай улам сызып,
Жылдарга карай доош кеткен.
МАНАСЧЫ КЕЛДИБЕК БАРБОС УУЛУНА
Даңтап айткан Манасты
Табылбас андай Манасчы.
Атактуу, алп Манасчы,
Ай-жылдап айткан Манасты.
«Келдибек Барыбос уулу,– дейт,
Кезинде укмуш чыкты дейт.
Ырамандын ырчы уулунан,
Түшүндө бата алган дейт.
Келдибек Манас айтканда,
Күн бүркөлүп, шамал согуп,
Жер титиреп улам козголуп,
Оёң жерди аралай,
Ой-тоолорго бороон болуп,
Манастын кырк чоросу,
Аралай чаап короону,
Үйөр жүрүп тынч албай,
Жамгыр төгүп басылбай,
Келдибек Манас айтканда,
Үзүк туурдук кыймылдай,
Түндүк жабуу тынч албай,
Шамал аны сапырып,
Бир ачылып бир жабылып.
Кылыч менен найзанын,
Тынымсыз үнү жаңырып.
Түбүрттөнө ат кошкуруп,
Ит улуп кой маарап,
Жоокерлер кетип жаткансып,
Курал- жарак шарактап.
Баатыр Манас өткөндө,
Ажыдаар ээрчип артынан,
Абдан кызык көрүнүштөр,
Айланага улам жаңырган.
Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,
Бул дүйнө өзү бир жалган.
Бири келип, бири кеткен
Бул жашоонун баары жалган.
Манасчынын дөө шаасы,
Алп Манасчы Келдибек,
Бир жаралып, бир кеткен.
Баш аягы деги чексиз,
Чоң мухитти эстеткен
Алп Манасчы Келдибекти
Кара жер кантип алды экен.
Алптын аты унутулбай,
Атпай эрдик калган экен.
Кыр-кырларда жомок айтып,
Кыргыз эли эстеп келет экен.