Элде: «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» деп айтылат. Тарых далай тастыктаган бул чындыкка кантип шек келтирүүгө болсун. Ушул жарканаттай кызыл эт баланын жылдызын Жараткан жарык кылып, бешенесине пенде суктанарлык тагдырды жазган экен. Ырас, ал тагдыр кеме беймарал жиреп бараткан көөшүлгөн көл болуп жаткан эмес эле. Анын ай чарпыган долу толкуну да, буркан-шаркан түшкөн добул, бороондуу кезеңдери да, алоо чулганган апааттуу күндөрү да болгон. Тагдыр ага ушунун баарын баштан кечирип, кандай гана сыноолор болбосун жеңип чыгууну буюрган экен…
Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын көрмөк турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда дүйнө салып кете берет. Анын кайриет кылганы – артында арзып көргөн жети перзентинен үчөөбү: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир жүрөк өйүгөн окунуч – ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-төкмөл, коога-дооругу күчөгөн бейопа кезеңде дүйнө салып бараткан момундун көңүлү кантип жай болмок?
Өктөбүр ынкылабы жеңип, ак падыша тактан кулаганы менен бийлик бир жаңсыл боло элек кез. Ал кезде элет жерине акыйкат, анан маалыматтардын жетип келиши да кыйын, андыктан ар кыл аңыз, имиштер тарап, кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбей элдин башы маң. Бир жагынан бай-манаптардын мал-мүлкүн, жерлерин тартып алып, өздөрүн абакка салып, же алыска айдатат экен дешсе, экинчи жагынан ошо байлык гана эмес, кедей-кембагалдардын да катын-кызы ортолукка өтүп, төшөнчү-орун бир болот имиш деген сыяктуу кеп—келечтин тарашы эл арасын дүүлүктүүрүп турган. Мындай кырдаалда «өрдөк жокто чулдук бий» болуп, жаңы замандын чаламоңол жасоолдору да чыккан. Алар бөрк ал десе, баш алып, бейкүнө бей-бечараларга зордук-зомбулук жасап киришкен.
Ошолордун бири – өз тиричилиги менен алек болуп, күнүн өткөрүп аткан Ташы да эле. Анын атасы тээ Кокон хандыгынын тушунда ордого сарбаздыкка алынып, ички-тышкы душмандарга каршы айгышкан салгылаштарга катышып жүргөн болот. Ошондой каардуу кармаштардын биринде анын каршылашы башын кылыч менен жара чабат. Жаны көзүнө көрүнүп, өлөрүн гана санап калган сарбаз кайып – каскагынан элге таанылган дарыгер-табыптын колуна түшүп калат. Ал жарылган баштын төрт жеринен алтындан кадоо салып, анан терини жамайт. Арийне, мындай операциялар азыркы медицинада гана жасалышы мүмкүн. Ал эми 19- кылымда эле чыккан менен сынганды ордуна келтирүүнү мындай кой-ушундай укмуш операцияны жасоого жетишкен элдик медицинага там бербей, таң калбай коюга мүмкүнбү? Өкүнүчтүүсү – кыл тамырчылык, дарыгерлик, шыпагерлик, кыргыздын зергерлик, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрлөрү тоталитардык системанын учурунда феодализмдин калдыктары сыңары жерилип калгандыгы.
Ток этер жери, ошол жарадар кадимкидей катарга кошулуп, адам болуп кетет. Арийне, кадоо үчүн алтын кеткендигин баягы табып- дарыгерден башка жан билбесе да алпооздор ар кандай ушак-аңыздарды таркатпай коюшпаган го кыязы. Мунун бир жоромолунда алтын жарадардын корунан зарпталгандай күпүр сөздүн да таралып кетиши акыры уулу Ташынын убалына кала жаздаган. Анткени, атадан калган алтынды ал катып жүргөндөй шек саналып, жанагы жалаңтөш жасоолдор ошону ортого алуу максатында абакка олтургузушат. Бул гана эмес, ага ак жеринен башка да айыптар коюлган болушу ыктымал. Тергөөчүлөр ур-токмокко алып, зордук-зомбулук жасоо менен жазалоонун ырайымсыз ыкмаларын колдонушканына эки кабыргасы сынып, колунун чыгып кетиши күбө болот.
Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер төлөдө төрт адам араң батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык өнөрү бар жаран болсо керек – чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, үйлөтө берет. Өпкөнүн тебүүсү менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан соң арылып, аргасыздан Ташы үйүнүн жүзүн, бала-бакырасын көрөт. Дегинкиси, ал киши да жаңыга жан тарткан, жакшылыктан үмүт кылган эстүү-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай эңсеген.
Согуштан кийиңки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.
Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булуң-бурчундагыдай эле Куршаб чөлкөмүн да караңгылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан түшкөн базары менен баки-жокко дайын Өзгөндө гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жаңынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай үлп эте сүңгүп, үмүт отун тутанта берген.
Ал эми мектеп ачылганда карапайым калк тарабынан бул орошон окуя катары кабыл алынган. Адегенде биринчи сыныфка кол арага жарап, тестиер болуп калган уландар менен чыт курсактар да кошула тартылышкан. Алардын арасында сары түгү түшү элек балапандай бытыйган Кулназар да бар эле./ Мындай дегенибиздин себеби, ал кишинин баралына келгенде деле бою 160 см. дан ашкан эмес. / Ушул жерден эске түшкөндө болгон бир окуяны эскере кеткенди эп көрүп турабыз: 1955-жылы Кулназар Ташиев Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланып калат. Аны расмий ишаратка ылайык борбордук бийликтин жетекчиси эмгекчилердин областтык Советинин депутаттары жана актив менен тааныштырып, кандидатурасын сунуш кылууга тийиш болгон. Ошондогу Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Раззаков бул арбактуу кызматка Араван райондун атагын Союзга дүң кылган жана аны эмгек Баатырларынын конушунда айланткан партиялык ишмер Кулназар Ташиевди татыктуу деп эсептеп, анын кандидатурасын сунуш кылып жатабыз деп жарыялайт.