Кадыр Абакиров - Бабалардын баяны 2

Бабалардын баяны 2
Название: Бабалардын баяны 2
Автор:
Жанр: Сказки
Серии: Нет данных
ISBN: Нет данных
Год: 2020
О чем книга "Бабалардын баяны 2"

Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн.

Бесплатно читать онлайн Бабалардын баяны 2


БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ


Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш зарыл окшойт. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик деңгеел билим керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар караандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, Ал адамда эч бир окуучулук бийиктик болбойт. Өмүрүндө карандай турмуш менен алышып жүрүп, бир китеп окубаган адамдар толуп эле жатат. Аларда кайдагы окуучулук сыпат, битйиктик болмок эле.

Эми кепти бул китеп жөнүндө айтайын. Биз совет учурунда төрөлүп ошонун тарбиясынын негизинде чоңойдук. Ал учурда ата -бабанын санжырасы, же ислам дини жөнүндө эч бир түшүнүгүбүз болгон эмес. «Дин бул- адамдын башын айланткан апийим» деген таризде чоңойдук. Же болбосо ислам дининин төгүнгө чыгарган атеизим деген окуу болгон. Совет доору урады. Ата бабанын санжырасы кайтып келди.Мурун санжыра ацткан кишилерди өзүмчүл адам дечүбүз. . Ал эми куран окуп, намаз кармаган адамда түшүнүгү жок эски адамдар деп эсептеер элек. Чындыгында андай деле эмес экен. Ата бабанын санжырасын билип алсаң, ал деле сага жаман болбойт тура. Ислам дини менен жүрсөң тарбияң жакшы болуп, жаман ишке барбайт экенсиң. Бул жерде мен эмне үчүн санжыра керектигин кыскача баяндадым.

Эми мен тее береги 1990-1992 жылдардын тегерегинде кол жазма менен айылдаштарыма эки китеп тараткам, экөө тең ыр китеп эле. Айрым жердештер аны окуган чыгаар. Кээ бир жазуучулар туулган жери жөнүндө чыгармаларында такыр кайрылбайт десе болот, алардын киндик каны тамган жери жөнүндө бир-эки эле ыры болот. Ошого туулган жер жөнүндө чыгарма жаздым деп каниет кылып, корстон болуп жүрө берет. Мен андай кылганым жок туулган жер жөнүндө төрт китеп жазайын дегем, буюрса үчөөн жазып бүттүм. Аларды кемчилдигин карап көрүп, оңдоп чыгара берсе болот. Ал китепти кээ бир адамдар окуптур. Ырахмат. Китеп болгондон кийин анын кемчилдиги болбой койбойт. Кандай чыгарма жакшы жаралат. Китеп жазган киши өтө көп окуган, окумал адам болуп, көп эмгектениш керек. Жашоо жөнүндө көз карашы болуп, ой жүгүртүүсү тунук, терең түгөнбөгөн мээнеткечтиги керек. Жөнөкөй адамдар сезе албаган нерселерди сезип турушу талап кылынат. Жалгыз эле кыргыз китептерин эмес, тиги жакта дүйнөлүк адабият турбайбы. Ошолор менен аябай терең тааныштыгың болушу абзел. Кыргыз адабиятын жаралгандан берки китептерди окуп чыгыш керек. Ошондон кийин гана кичинекей айылды төрт китеп кылып жаза аласың. Эгерде дүйнөлүк алабиятты билбесең эки-үч ыр менен эле бүтүп калаарың бышык, ары жакта оргуган кенчиң болбосо эмнени жазмак элең. Түгөнбөгөн жазма өнөрүң болбосо, бир барак кагазды толтуруш деле азап болуп жатпайбы. Дагы бир маселе. Эми китеп кандай жазылды анын тагдыры ошол жактан чечилет. Бул эң эле жооптуу суроо. Мен кээ бир адамдар менен аңгемелештим алар айтты: « Бизди өтө аз жазыпсың, көп жазышың керек эле, тигил шоңколорду мактай берипсиң, андай болбойт. Бүтөбайларды макташың керек болчу, баланчаны эң эле аз жазыпсың, эмне үчүн китебиңди мага бербейсиң? Жана башка ушундай ойлор көп айтылды. Шоңко, уралы туугандарыбыз деле биздей адамдар, аларды деле мен көп мактаганым жок. Болгонун эле жаздым. Эми бүт баардык адамдарды мен кантип жазып чыгам, анда китеп болбой калган жатпайбы. Андай болушу мүмкүн эмес, балким кээ бир омоктуу адамдар жазылбай калгандыр аларды кошсок болот. Мен айылдаштарымы Акаев менен Бакиевдин азаптуу учурунда жаздым. Ал учурда адамдар айлы жөнүндө ыр жазуу эмес ачкалыктан курсагымы кантип тойгузуп тирүү калам деген абалда болчу. А мен ошол ачкалыкта ун жок, нан жок кезеңде кубануу менен жердештеримди ырга сала бердим. Биз ал кезде жарыбаган кичинекей маяна үчүн арак, ун, шекер, чай алып калганбыз мындай азаптуу абал бир канча жылдарга созулду. Ал кезде заман оңолбой эле оңкосунан кеткен учур болду. Акыры эки желмогузду өлкөдөн кууп чыгып, эми кичине заман оң жолго түшүп келатат. Ал кезде каражат жок айылга да баруу мен үчүн тозокко турду. Мындай кезде адам-адамды, тууган-тууганды карабай, байлыгы бар кишилерди айланчыктоо башынан эле келе жаткан көрүнүш эмеспи. Анан мен кантип ар бир кишиге китепти таратып берем. Дагы ошончо убактымы коротуп, машинкага басып бергениме ыраазы болсун. Ал китепти алган кишилерден же, окуган адамдардан деле эч бир кымындай жакшы сөз уккан жокмун. Бирөө дагы ырахмат айткан жок, кайра көоө албай аты калган жатат деп,текеберсинет.

Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.

Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, Бир жашап өттү, бүттү кетти. Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани-маңыз болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.


С этой книгой читают
Ыйык китептер Тоорат, Забур, Инжил, Куран жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне. Алиги касиеттүү ыйык китептеги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби» азыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кы-лымдын ойчулдары жазып жана айтып келатпайбы. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышка
Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, а
Акын, жазуучу К. Абакировдун бул китеби тээ береги 1900 жылдары жазылып бүтүп, китеп катары жердештерине таратылып, бир канча жолу оңдолгон. Китеп Тоң районундагы Темир-Канат айлйнйн Беккулу атадан тараган тукумдары жөнүндө кызыктуу баян курат.Автордун тили жатык кызыктуу берилип окуган адамды өзүнө тартып турат. Автор байыркы ата-бабалары жөнүндө 4 китепти жазган. Бул китеп анын үчүнчүсү болуп саналат. Ал чабандын баласы болгон. Анын балалыгы, ж
Однажды Паддингтон и его друг мистер Крубер посетили выставку картин под открытым небом. Медвежонок так вдохновился увиденным, что решил устроить собственный вернисаж. Юного художника привлекают самые разные сюжеты – от заката на улице Виндзорский Сад до семейного портрета. Вот только хватит ли ему краски на все улыбки?Такой уж это медведь – где он, там никогда не бывает скучно.
«Сказка о царе Салтане», «Аленький цветочек», «Конек-Горбунок», «Серая Шейка» – эти знакомые и любимые всеми сказки написаны русскими писателями. Пушкин и Аксаков, Ершов и Мамин-Сибиряк, используя лучшие на родные традиции, сумел и создать замечательные произведения с яркими, запоминающимися героями, увлекательными сюжетами и необыкновенно поэтическим языком. Герои сказок уж точно не оставят равнодушными маленьких читателей, научат быть добрее. у
В новой книге серии «Библиотека начальной школы» читайте три замечательные сказки Софьи Прокофьевой: «Не буду просить прощения», «Сказку о ленивых ручках и ножках» и «Сказку про башмачки» с чудесными иллюстрациями Натальи Салиенко.Для младшего школьного возраста.
Зачем нужны Духи путешествий? Открыла пробку флакончика, представила Страну Больших деревьев, о которой прочитала в книжке, и, пожалуйста, ты уже там! Как много интересного, оказывается, можно увидеть и какие удивительные приключения пережить, если ты маленькая и беззащитная!«Приключения Сэни и Вирта» – это красивая детская сказка о настоящей искренней дружбе, вере в себя, доброте и отзывчивости.
В книге рассказывается о лечебных свойствах меда и других пчелопродуктов, о том, как они используются в исцелении и питании человека. Издание рассчитано на широкий круг читателей.
До изобретения паровоза – то есть до XIX века – культура, торговля, эпидемии и войны быстрее распространялись по морю, чем по суше.И если поставить наши взаимоотношения с океанами, морями, озерами, реками и каналами в центр исторической концепции, то мы увидим, что существенная часть истории человечества зависела от того, имели ли народы выход к судоходным водам.Перенос акцента с суши на море позволяет по-новому взглянуть на многие тенденции и пр
Звёздная Кобылица стала моей подругой. Она поднимала меня к звёздному небу, мы разделили его на двоих! Я найду её, воскрешу, за это Нан – Гулакх перенесёт в Таараму мою мать! Мечта о доме, где будут играть мои дети, где мы посадим сад с мамой – вот, что не дает мне отчаяться. И мои мужчины… Шарри, мой большой и сильный орк; Рашш и Сшан, мои эмиссы-наги; Тадалл, паук, ставший человеком; Адоннас, мой Адонис, моё лазурное чудо! И
Для тех, кто любит приключения, юмор и немного романтики. Выгодное предложение. Причуды гадалки Аннотация: Странное приглашение мне однажды пришло. Срочно посетить гадалку. Я долго думал: идти или нет. Не признаю я этих шарлатанов. Но приглашение так и притягивало к себе взгляд, даже выбросить рука не поднялась. Наконец, я решился. Лучше б дома сидел. Хотя... Приговоренная Аннотация: Казалось бы, жизнь закончилась, вскоре костер сожжет все не