«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»
А. Токомбаев
Китеп касиеттүү Беккулу атанын урпактарына арналат.
***
«Жараткан Теңирим өзүң колдой көр!»
Ак бата сөзү.
***
«Касиеттүү, ыйык Бугу энемин арбагы «колдосун!»
Ак бата сөзү.
***
«Беккулу атамын талы колдосун!Оомийин!».
Карылардын урпактарга берген бата сөзү.
***
Аркы атабыз Ырыскандан
Айдыңдуу кеп башталган.
Байыркынын башталмасы
Баардык элге таралган.
ЫРЫСКАН
Мен бир жолу Ийри -Колот менен келе жаткам.
Быйыл жаан көп жаагандыктан сайдын жээгинде жашаң чөп белден буралат. Арык жээгинде ала бата козу карын, арпа чөп жыш өскөн экен. Арыктан ары ар түркүн гүлдөр жанаганын көзүм чалды. Боз үйдүн оордундай тегиз жерде бир кары адам кичинекей баласы менен отурганын байкадым.
Бул баягы келишимдүү узун бойлуу, айрыкча балдарга өтө жакын, кебетесине карылыктын элеси али келе элек Темиркан деген асыл карыя экенин баамдадым. Карыядан кыйгач кетүү мүмкүн эмес эле. Салт боюнча, кичүү адам улууларга салам берип, ден соолугун сурап, анын алдынан өтүп коюу парз экен. Учураша жанына барып сүйлөшө кеттим. Ал ата-бабасынын санжыра уламышын, жомокторун жакшы билчү эле. Салам берип аркы-беркини сүйлөшүп бүтүп:
–Чоң ата мага ата-бабанын уламышын айтып бербейсиңби,-дедим.
– Айтса айтып берейин санжырага кызыгасыңбы,-деди асыл карыя.
Анын көздөрү бүркүттүкүндөй сүрдүү болуп, сөздү куюулуштуруп маңыздуу айткандыгы адамды бир кубантып, бир сүйүнтүп, бир кайгыртат. Ал чөнтөгүндөгү чакчасын алып, насбай атып, ары бурулуп түкүрүп, саамга ойлонуп калды да: – Балам, бул улама, жомок окуянын кандай болгонун мен да билбейм, бирок уламада ушундай деп айтылат.
«Ошол байыркы замандын заманында кыргыз ажосу журтту чыңап, башкаларга кор кылбай кыргыз элин башкарып турган экен. Андай күчтүү өлкөнү билгич өкүмдар башкарып турганы абзел эмеспи. Бирок кыргыздарды каратып, жерин, байлыгын тартып алуу үчүн чет жактагы коңшулар көз арта баштайт. Айрыкча кара кытай, калмактар, аттын кулагы менен тең ойногон уйгурлар жана башка майда барат элдер. Аларды кыргыз түздүктөрү, шаркырап аккан сайлары, көгүлтүр көлдөрү, берекелүү жерлери суктанта тартып жатпайбы. Ата-бабадан калган жерлерибизди ээлеп, биздин журтту башка жактарга сүрүп, же такыр тукум курут кылгысы келишет. Касиеттү өкүмдар ажо алардын кара санатай оюун даана билип, жоокерлерин топтоп, чыңдап, тартипке келтирип, баардык кезде элди шайма-шай даярдыкта кармап турду. Ажо аябай узак жашка барган эле тагдырыбы, бир күнү эли менен кош айтышып кете берди. Касиеттүү адам кайтыш болгонун угуп чет элдик басып алуучулар карышкырдай кутура баштады. Алар ажонун кош айтышып кеткенинен пайдаланып басып алууну каалап жатты. Эл-эл, журт-журт эмеспи жоокер куралып душман менен салгылашууга өттү. Жунгарлык калмактар тез эле кыргыз элин басып алууга аракет кылып жатты. Кармаш катуу болуп кан төгүлдү. Айбалталар кыңгырап, кылыч белде шыңгырап турду. Баатырлар өлүп бара жатып, күн нурун аянычтуу карап: « Пендем бизге кылаарың ушул беле? Кош бол жарыкчылык! Кош бол өмүр!»– деп тиги дүйнөгө узап кетип жатышты. Өлөт десе өөрчүгөн, түгөнөт десе түтөгөн душмандардын кошуундары үстү-үстүнө келип жатышты. Учкан жебеден күн көрүнбөй калып, ат үстүндө кармаштан эрлердин денеси талып, адам өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Каргалар каркылдап, кузгундар куркулдап, бөрүлөр кыр ашып, түлкүлөр жыт алып турду. Алардын коркунучтуу добушун угуп, адамдар саруулап үрөйлөрү учуп жатты. Жырткыч жорулар адамдардын этин жеп, тойгонунан асманга жогору көтөрүлүп уча албай калды. Ай талаада эр өлүп, ат кишенеп, армандуу добуш айланага эшилет. Эркин жел ары-бери «Өлүм-өлүм» деп жортуп жүрөт. Баарынан армандуусу, ошол кармашта айбалта менен чабышып, жоо менен алышып жүрүп, кыргыз ажосунун баатыр уулу окко учуп шейит кетти. Жунгарлар кумурскадай жайнаган эл эмеспи, биринин артынан бири келип, согуш көпкө созулду. Башка элдер жунгардык калмактарга туруштук бергени үчүн кыргыз элинин эрдигине суктанат. Акыры кыжылдаган жунгарлар « Бул элди жеңе албайт экенбиз» деп согушту токтотушту. Бул эң жаман айла-амал эле. Кыргыздар «Баш аягыбызды жыйалы»– деп тынчып калышты. Анан душман тарап кайра күчтөнүп, кыргыздарды аябай талкалайт. Ошондо биздин элибиз кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабылып, аман калгандары жан айласы кылып, тукумун сактап калыш үчүн туш-тушка качып, тоо-токойдун арасын мекендейт. Каза болгондорду карга-кузгундарга жем кылбай ак кепиндеп көөмп ариетин жасашат. Эки жактан ээсин жоктогон ат кишенеп, ай талаада каңгыган ит армандуу улуду. Атасын жоктоп бала ыйлап, уулун жоктоп эне муңканды. Карыялардын көзүнөн аккан жашы ак сакалын аралай куюулуп турду.
Жомокчу карыя көп сүйлөгөндүктөн демигип кетти окшойт бир паска эки жакты карап далайга эс алып, анан алтын кебин ары улап кирди.
– Кайсы жерге келдим эле балам, эсиңе жара чыккырдыкы десе, ошентип жанагы жунгар калмактары биздин элди туш-тушка бөлүп азап көрсөтө баштабадыбы. Бирок жунгарларга бир нерсе болдубу, биздин элдин биримдигинен айбыгып жаттыбы, өз аймагына кетип калышты.
Акыры алар тынчып, кыргыз жергесине кичине пейпилдик орноду. Жер-жердеги, кокту-колот, карагай чердеги, тоонун үңкүрүндө жашаган адамдар чогулуп мурунку турагына келе башташты. Жунгарлар « Кыргыздарды баш көтөрө алгыс кылып кырдык»– дешти. Ошентип чачылган эл жыйылып, тербиген эл биригип, кайра тиричилигин өтөөгө киришти. Бирок аларга баш көз, камчы сап, тээк боло турган адам керек эмеспи. Башчы ажосунун баласы чоң казатта эрдик көрсөтүп шейит кеткен. Сакалы белине жеткен карыя:
– Айланайын калың эл кыжылдаган жунгарлар чапты эле деп апаат тукум курут болуп кетпейли, чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү удайлы!– деп карыя элди ынтымакка чакырды. – Айтканы туура,– деп улуу журт карынын кебине капка салды, макул болду. Ошентип эл биримдикке келип, баш көз боло турган Ажону шайлаш керек болгуп турду. Элдин башы катып, « Кимди ажо кылабыз, ажонун баласы да майданда мерт болду. Жок дегенде дагы бир уулу болгондо эмне? Кайсы уул ушул кыйналган журтту баштап кете алат. Ошондо жүздөн ашкан сакалы белине жеткен бир карыя пикирин айтып турду:
– Ажодон тукум калган жок анын баласынан артык көргөн бир кыраан ак шумкары бар эле. Ошону белги кылып учуруп көрөлү, алгыр кимге барып консо, ошол ажо болсун,– дешти.
Кээ бири айтты:
– Бир эси жок пендеге конуп анысы журтту башкара албай, мазебизди албайбы?
– Байкагыла! ажо журттун башкаруучусу элдин тагдырын акылы жок бирөөгө карматып жиберип, кайра өзүбүз кор болуп калбайлы!
–Аялынын тилин алган бир катынпоз болсо, биздин түбүбүзгө жетип кууратпасын.
– Айланайын журт азып-тозуп кетпейли,– деп санаага батып чарчаган эл эмне кылаарын билбей апдаарып турушту.